БШКнын сайты жаңылангандан кийин добуштар азайып кеткени чын

Малым болгондой, буга чейин БШКнын сайтындагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалыматтар туура эмес берилип жаткан. Саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түштүп, сайтына жарыяланган. 

Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өттү:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 29,03%
  • «Ишеним» — 24,09%
  • «Ынтымак» — 20,69%
  • «Альянс» — 14,47%
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 11,15%
  • «Ыйман Нуру» — 10,19%
  • «Эл Үмүтү» — 8,90%
  • «Азаттык» — 7,90%
  • «Социал-демократтар» — 6,32%
  • «Ата Мекен» — 6,45%

Бирок, бул жыйынтык жарыялангандан бир аз убакыт өтпөй сайтынан алынып салынып, пайыздык көрсөткүчтөрү башка сандарды көрсөткөн жыйынтык жарыяланган. 

Алдын ала жыйынтык боюнча, төмөндөгү партиялар 5 пайыздык чектен өттү:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 16,91%
  • «Ишеним» — 13,55%
  • «Ынтымак» — 10,88%
  • «Альянс» — 8,82%
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 6,77%
  • «Ыйман Нуру» — 6,03%

Мисалы, БШКнын сайтына биринчи жарыяланган шайлоонун алдын ала жыйынтыгында “Ата Мекен” партиясы 6,17 пайыз болсо, экинчи жарыяланган шайлоонун жыйынтыгында 3,48 болуп калган.

“Добуштарыбыз каякка кетти?”

“Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев өзүнүн Фейсбук баракчасына “25 000 добушубуз каякка кетти?”, — деп жазган. 

БШКнын сайты жаңылангандан кийин добуштар азайып кеткени чын

Фейсбук колдонуучусу Искен Афиджанов, “Бир аз тыныгуудан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы он миңдеген добушка төмөндөдү”, — деген билдирүү калтырган. 

БШКнын сайты жаңылангандан кийин добуштар азайып кеткени чын

Ал эми журналист Динар Турдугулова, “Ата-Мекен” партиясынын 24 миң добушу уурдалганын, “Оңолбойт экенсиңер. Каратып туруп 24 миң добушту уурдаган немелер оңдурмак белеңер”, — деп Фейсбук баракчасына жазды. 

БШКнын сайты жаңылангандан кийин добуштар азайып кеткени чын
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты