Салкынай Алимбаеванын апасы президентке кайрылуу жасады (Видео)

Жакында эки айга камалган Салкынай Алимбаеванын апасы президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

90 жаштагы Рахима Алимбаева апанын  кайрылуусу Ютуб-каналга жайгаштырылды.

Кайрылууда Рахима Алимбаева 90 жашка келгенин, ушу жашында кайгырып отурганын, күйөө баласы Равшанды, кызы Салкынайды камаганын, алардын кызынын дене табы көтөрүлүп уктабай жатканын, кызын жана күйөө баласы бошотууну өтүндү.

Оппозициячыл саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 24-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Салкынай Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган.

Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев ага коррупция боюнча айып коюлуп жатканын билдирген.

Айыпталуучу сот залына кирип бара жатып өзүнө коюлган айыптарды четке какты.

17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча камалган Равшан Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

Сүрөттө: Равшан Жээньеков менен жубайы Салкынай Алимбаева. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты