Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева кармалды

  • 11 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева кармалды.

Бул тууралуу алардын уулу Азат Равшан Фейсбук баракчасында билдирди.

“Апамды бүгүн күч менен УКМКга суракка алып кетишкенин бир нече саат мурун билдим. Ташиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана оппозиционерлердин аялдарына кысым көрсөтүү жөндөмдүүлүгү гана колунан келе турган иш окшойт” деди уулу.

25-майда саат 12 де кармалган Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаевага адвокат алууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Адвокат Разак Ашимбаевдин ЖМКга берген маалыматына караганда, Салкынай Алимбаеванын кандай негизде кармалганы белгисиз. Алимбаева УКМКнын убактылуу сурак жайына киргизилген. Кайда экендиги тууралуу жакындарына билдирип коюуга да мүмкүнчүлүк берилген эмес.  Ага адвокатты киргизбей жатышканы маалым болду.

Ал эми Равшан Жээнбековдун уулу Азаттын маалыматына караганда, 13 жашар карындашы үйүндө жалгыз калган, аны кийинчерээк туугандары алып кеткен.   

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу тергөө абагында отурган 12 айыпталуучунун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Ал соцтүйүндөгү билдирүүсүнө тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековдун токтомунун сүрөтүн тиркеген. 2023-жылдын 19-майында кол коюлган документке ылайык, кылмыш иши «Жапырт башаламандыкка даярдык көрүү» беренеси менен козголгон.

Токтомдо 12 айыпталуучунун аты-жөнү жазылган. Алар: Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Сарылдык уулу (Шаменов) Илгиз, Азимбек Бекназаров жана Темир Махмудов.

Сүрөттө: Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты