Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы эки айга камакка алынды

  • 12 месяцев мурун
Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы эки айга камакка алынды

Оппозициячыл саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 24-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Сотко Алымбаеваны эки айга камакка алуу тууралуу өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирген.

Белгилей кетсек, Салкынай Алимбаева кечээ, 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган.

Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев ага коррупция боюнча айып коюлуп жатканын билдирген.

Айыпталуучу сот залына кирип бара жатып өзүнө коюлган айыптарды четке какты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты