Адвокат Равшан Жээнбековдун жубайына коррупция боюнча айып тагылып жатканын билдирди

  • 10 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаевага коррупция боюнча айып коюлуп жатканын «Азаттык» радиосу адвокат Разак Ашимбаевдин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Алимбаева тергөө коюп жаткан айыптарга макул эмес.

Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналууда. Бул окуя былтыр болуптур. Ошого катышкан деп “коррупция” менен айып тагыптыр. Салкынай Алимбаева “бул ишке тиешем жок” деп жатат. Биз коюлган айыпка макул эмеспиз”, — деп билдирген адвокат Ашимбаев.

Белгилей кетсек, Салкынай Алимбаева кечээ, 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган.

УКМК азырынча Алимбаева кайсы иштин негизинде кармалганы тууралуу маалымат бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты