Садыр Жапаровдун Энтони Блинкендин катына жообу

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын парламенти карап жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирип президент Садыр Жапаровго кат жолдогон. Ошол катка президент Садыр Жапаров жооп берди.

9-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Энтони Блинкенге жооп берген катын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге тапшырган.

Каттын мазмуну менен президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакозов Фейсбук баракчасы аркылуу тааныштырды.  Катта «… тилекке каршы, сиздин катыңыздын мазмунунда биздин мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экендигин белгилейм» деп айтып келип, анын себебине токтолду:

-Азыркы учурда бул мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун максаты – Кыргыз Республикасында иштеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө он миңдеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген көптөгөн проблемаларды чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат.

Ошол эле учурда өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евросоюз өлкөлөрүнөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда.

Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар.

Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (парламенттин) депутаттары демилге кылган жана биринчи окууда кабыл алган мыйзам долбоорунда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамына чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдун ишине байланышкан жоболор киргизилүүдө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын ресстрин жүргүзөт деген ченем каралууда.

Ошол эле учурда кыргыз парламентинин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин баса белгилейм.

Белгилүү болгондой, FARA Мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган.

Каттоодон кечиксе же баш тартса – административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигин да тартат деп турат.

Ушуга байланыштуу бир суроо жаралат: Эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт? -деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров соңку үч жылда Кыргызстан жетишкен ийгиликтер тууралуу да сөз козгогон. Андан ары коммерциялык эмес уюмдарга коюлган талаптар тууралуу айтып кетти:  

-Биздин негизги талаптар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, анын ичинде Салык кодексинин ченемдери аткарылууга тийиш;

өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинин ачык-айкындыгы, алардын салык органдарынын алдындагы отчеттуулугу камсыз кылынууга тийиш.

Коомубуз, мамлекетибиз тигил же бул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмду каржылоо кайсыл булактан жүрүп жатканын жана кандай максаттарга жумшалганын билиши керек.

Биздин аларга койгон талаптарыбыз ачык-айкын жана түшүнүктүү, муну коомубуз колдоп жатат, Кыргыз Республикасынын Конституциясына да, ошондой эле биздин эл аралык милдеттенмелерге да туура келет, -деди презиент Жапаров.

-Бирок Кыргызстандагы “эркин ЖМК жана ӨЭУ” деген атты жамынгандардын өкүлдөрү мамлекеттик органдар демилге кылган чет өлкөлүк агенттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорлоруна таптакыр каршы чыгышты.

Мыйзам долбоорлору Евросоюзга мүчө-мамлекеттердин жана АКШнын салык төлөөчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен каржыланып жаткан бир катар ЖМКлардын жана ӨЭУлардын катуу нааразычылыгын жаратты, себеби алар мамлекет тарабынан салыктык контроль болуп, көмүскө каражаттарыбыз ачыкка чыгып калат деп коркууда.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык мамлекет өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын уставдык ишине кийлигишпейт жана кийлигишүүгө умтулбайт.

Ошондуктан бул мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, кантип ал Сиз жазгандай: “АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өкмөттүк эмес уюмдар ишке ашырып жаткан программалар аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу жашоо үчүн маанилүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жарандарыбыздын алуусуна коркунуч жаратары” мага түшүнүксүз болууда?

Сынга кабылган мыйзам долбоорлору кылмыштарды болтурбоо, адамдардын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, кадыр-баркын жана укуктарын коргоо максатында улуттук коопсуздуктун же коомдук тартиптин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон учурларда идеяларды, маалыматтарды алуунун жана таратуунун эркиндиги мыйзам менен чектелиши мүмкүн деген төмөнкү эл аралык укуктун ченемдерине жана жалпыга таанылган принциптерине таянат.

Башкача айтканда, бул укуктарда биз АКШдан же дүйнөдөгү башка мамлекеттерден айырмаланбайбыз.

Блинкен мырза, ошол эле учурда биздин ынак досубуз жана өнөктөшүбүз болгон Америка Кошмо Штаттарынын тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси катары Сиз биздин өлкөдө иштеп жаткан айрым өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын туура эмес маалыматына ишенип алып мыйзам долбоору боюнча өзүңүздүн кооптонууңузду мага билдирдиңиз го деп ойлойм.

Тилекке каршы бул Сизге биздин өлкөбүздөгү адамдын укуктары жана эркиндиктери, анын ичинде биригүү эркиндиги боюнча реалдуу кырдаал жөнүндө объективдүү пикирди түзүүгө мүмкүндүк берген жок,- деп айтылат катта.

-Чындыгында өлкөбүздө көпчүлүк өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар татыктуу жана ачык-айкын иштеп жатат.

Алардын аз гана бөлүгү, чет мамлекеттерден каржыланып жаткан, курулай кыйкырганды билген бир ууч тобу жана алардын айрым өкүлдөрү гана өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө туура эмес маалыматтарды таратып жатышат.

Мындан тышкары ушул эле өкмөттүк эмес түзүмдөр көп учурда элдин арасына жалган, туура эмес маалыматтарды таратып, анын айынан жабыр тарткандардын жана жалган жалаага кабылгандардын доо-арыздары боюнча соттук териштирүүлөр болууда.

Сотто ишти кароонун натыйжасында жалган маалымат тараткандар доогерлер менен жарашуу жөнүндө өтүнүч берүүгө аргасыз болгон учурлар көп кездешет.

Мындай иштер соттордо абдан көп.

Соңку отуз жылдын ичинде өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери чет өлкөлүк демөөрчүлөрдөн келген акча каражаттарын “жеп алып”, “үй-бүлөлүк ишканага” айланган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын өзүнчө бир катмары пайда болгонун баса белгилейм (кыргыз коому аларды “грант жегичтер” деп атап койгон).

Бул тууралуу өлкөбүздөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында көп жолу жазышкан.

Зарыл болгон учурда биз Сизге тиешелүү маалыматтарды бергенге даярбыз.

Өздөрүнүн “кыйынчылыктары” жана “куугунтук көргөндүгү” жөнүндө айтып шылуунчулук кылып, туура эмес маалымат бергендер чет өлкөлүк демөөрчү түзүмдөрдү адаштырып, АКШнын жана Евросоюз өлкөлөрүнүн салык төлөөчүлөрүнүн акчаларын жөн эле коротуп жатышат.

Ушуга байланыштуу мен АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарды жок дегенде соңку 10 жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдалангандыгына аудит жүргүзүүнү сунуш кылам.

Урматтуу мамлекеттик катчы мырза, мен берген маалыматтарга жана кепилдиктерге таянып, Сиз “америкалык айрым өнөктөштөрдүн” кооптонуусун жоюп, алар мындан ары да Кыргыз Республикасындагы ишин улантат деп терең ишенем.

Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти.

«Коммерциялык эмес уюмдар» тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынынын күн тартибинен алынып салынды.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

2023-жылы 25-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыкты. жана мыйзам долбоору талкуусуз эле биринчи окууда кабыл алынды.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары — Нарматова Н., Айжигитов С., Исаева Ж., Садырбаева Ж., Култаева Г., Кыдыкбаев Ж., Сулайманов К., Ханджеза К., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А., Сарыбашов Т., Исмаилов Ф., Кенжебаев А., Матраимов И., Мамасадыков З., Ражабалиев Н., Эрбаев А., Токторбаев Ж., Түмөнбаев А.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамынын демигечилеринин бири Надира Нарматованын айтымында, мыйзам долбоорунун негизги максаты 1999-жылдан бери колдонулуп жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга чет өлкөлүк уюмдар жөнүндө толуктоо  киргизүү каралган.

“Өлкөдө  өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш. Бул мамлекетин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет, биз муну өлкөбүздүн коопсуздугун коргоо максатында иштеп чыктык. Экинчиден, 17-беренеге алардын иштөө аракеттерин, мыйзам чегинде ишмердүүгүн жазып киргиздик. Андан сырткары, алардын иш мерчемдерине мамлекеттик көзөмөл болуш керек деген максатта Кылмыш-жаза кодексине жоопкерчилик киргизип жатабыз” деген Нарматова.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбооруна каршы чыгып, кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбеши керек экенин белгиледи.

-Коркунучтуусу коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун өзүндө эмес, “чет элдик өкүл, чет элдик агент” деп атоодо да эмес, мындагы кылмыш жоопкерчилигинде. Адегенде административдик кодекс болуш керек, кылмыш жоопкерчилиги киргизилгени жатат. Коркунучтуу маселе ушул жерде. Кылмыш жоопкерчилиги болбош керек, -деди Кожокулова.

Ошондой эле депутат Кожокулова мыйзам долбоорунда бир да экспертиза жок экенин белгиледи.

Ал эми депутат Надира Нарматова бир катар экспертизалар бар деп айтууда.

23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдогон.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти «бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү» бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

Сүрөттө: Энтони Блинкен жана Садыр Жапаров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты