АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен президент Жапаровго кат жибергени кабарланды

  • 3 месяца мурун

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жибергени кабарланды.

7-февралда ЖМК Блинкен Жапаровго 17-январда кат жолдогону тууралуу жазды. Анда Блинкен парламентте каралып жаткан «Чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдиргени айтылат.

Блинкен эгер «Чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасир этип, өлкөнүн эң чоң байлыгына коркунуч келтирерин кошумчалаган.

Бүгүн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмак, бирок парламенттин күн тартибинен алынганын депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында жазды.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыкты. жана мыйзам долбоору талкуусуз эле биринчи окууда кабыл алынды.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары — Нарматова Н., Айжигитов С., Исаева Ж., Садырбаева Ж., Култаева Г., Кыдыкбаев Ж., Сулайманов К., Ханджеза К., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А., Сарыбашов Т., Исмаилов Ф., Кенжебаев А., Матраимов И., Мамасадыков З., Ражабалиев Н., Эрбаев А., Токторбаев Ж., Түмөнбаев А.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Надира Нарматованын айтымында, мыйзам долбоорунун негизги максаты 1999-жылдан бери колдонулуп жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга чет өлкөлүк уюмдар жөнүндө толуктоо  киргизүү каралган.

23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдогон.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% шайкеш келерин аныктаган. Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT) кол койгон.

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты