“Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынды

  • 3 месяца мурун

«Коммерциялык эмес уюмдар» тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынынын күн тартибинен алынып салынды.

Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Telegram каналында билдирди.

«Бүгүн «Чет элдик өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун карашыбыз керек эле. Бирок эмнегедир кечээ аны күн тартибинен алышты. Балким, эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр дагы уланып жаткандыр. Буга чейин бул мыйзам долбоору Евробиримдиктен грант күтүлүп жаткандыктан токтотулган. Аны (грантты) алгандан кийин мыйзам долбоорун кайра жылдыра башташкан, комитетте кабыл алынган», — деди Бекешев.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

2023-жылы 25-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыкты. жана мыйзам долбоору талкуусуз эле биринчи окууда кабыл алынды.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары — Нарматова Н., Айжигитов С., Исаева Ж., Садырбаева Ж., Култаева Г., Кыдыкбаев Ж., Сулайманов К., Ханджеза К., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А., Сарыбашов Т., Исмаилов Ф., Кенжебаев А., Матраимов И., Мамасадыков З., Ражабалиев Н., Эрбаев А., Токторбаев Ж., Түмөнбаев А.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамынын демигечилеринин бири Надира Нарматованын айтымында, мыйзам долбоорунун негизги максаты 1999-жылдан бери колдонулуп жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга чет өлкөлүк уюмдар жөнүндө толуктоо  киргизүү каралган.

“Өлкөдө  өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш. Бул мамлекетин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет, биз муну өлкөбүздүн коопсуздугун коргоо максатында иштеп чыктык. Экинчиден, 17-беренеге алардын иштөө аракеттерин, мыйзам чегинде ишмердүүгүн жазып киргиздик. Андан сырткары, алардын иш мерчемдерине мамлекеттик көзөмөл болуш керек деген максатта Кылмыш-жаза кодексине жоопкерчилик киргизип жатабыз” деген Нарматова.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбооруна каршы чыгып, кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбеши керек экенин белгиледи.

-Коркунучтуусу коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун өзүндө эмес, “чет элдик өкүл, чет элдик агент” деп атоодо да эмес, мындагы кылмыш жоопкерчилигинде. Адегенде административдик кодекс болуш керек, кылмыш жоопкерчилиги киргизилгени жатат. Коркунучтуу маселе ушул жерде. Кылмыш жоопкерчилиги болбош керек, -деди Кожокулова.

Ошондой эле депутат Кожокулова мыйзам долбоорунда бир да экспертиза жок экенин белгиледи.

Ал эми депутат Надира Нарматова бир катар экспертизалар бар деп айтууда.

23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдогон.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти «бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү» бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты