Депутат Кожокулова: Коркунучтуусу — коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунда кылмыш жоопкерчилигинин киргизилиши  

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 25-октябрда, Жогопку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Гуля Кожокулова «Коммерциялык эмес тууралуу» мыйзам долбооруна добуш бербөөгө чакырды.

-Коркунучтуусу коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун өзүндө эмес, “чет элдик өкүл, чет элдик агент” деп атоодо да эмес, мындагы кылмыш жоопкерчилигинде. Адегенде административдик кодекс болуш керек, кылмыш жоопкерчилиги киргизилгени жатат. Коркунучтуу маселе ушул жерде. Кылмыш жоопкерчилиги болбош керек, -деди Кожокулова.

Ошондой эле депутат Кожокулова мыйзам долбоорунда бир да экспертиза жок экенин белгиледи.

Ал эми депутат Надира Нарматова бир катар экспертизалар бар экенин айтты.

Бүгүн, Жогорку Кеңеште, «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова алып чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты