Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда талкуусуз эле кабыл алынды

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 25-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары — Нарматова Н., Айжигитов С., Исаева Ж., Садырбаева Ж., Култаева Г., Кыдыкбаев Ж., Сулайманов К., Ханджеза К., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А., Сарыбашов Т., Исмаилов Ф., Кенжебаев А., Матраимов И., Мамасадыков З., Ражабалиев Н., Эрбаев А., Токторбаев Ж., Түмөнбаев А.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөр тууралуу демилгечи депутаттардын бири Надира Нарматова маалымат берди.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты 1999-жылдан бери колдонулуп жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга чет өлкөлүк уюмдар жөнүндө толуктоо  киргизүү каралган. “Өлкөдө  өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш. Бул мамлекетин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет, биз муну өлкөбүздүн коопсуздугун коргоо максатында иштеп чыктык. Экинчиден, 17-беренеге алардын иштөө аракеттерин, мыйзам чегинде ишмердүүгүн жазып киргиздик. Андан сырткары, алардын иш мерчемдерине мамлекеттик көзөмөл болуш керек деген максатта Кылмыш-жаза кодексине жоопкерчилик киргизип жатабыз”деди депутат Надира Нарматова.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбооруна каршы чыгып, кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбеши керек экенин белгиледи.

-Коркунучтуусу коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун өзүндө эмес, “чет элдик өкүл, чет элдик агент” деп атоодо да эмес, мындагы кылмыш жоопкерчилигинде. Адегенде административдик кодекс болуш керек, кылмыш жоопкерчилиги киргизилгени жатат. Коркунучтуу маселе ушул жерде. Кылмыш жоопкерчилиги болбош керек, -деди Кожокулова.

Ошондой эле депутат Кожокулова мыйзам долбоорунда бир да экспертиза жок экенин белгиледи.

Ал эми депутат Надира Нарматова бир катар экспертизалар бар экенин айтты.

Бүгүн, Жогорку Кеңеште, “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова алып чыкты.

Төрага Нурланбек Шакиев мыйзам долбоору боюнча көптөгөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу болгонун билдирди.

Депутат Эрулан Кокулов төрага Нурланбек Шакиевге мыйзам долбоорунун авторлорунан болбосо, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен неге жолугушканын сураса, Шакиев менин төрагалык укугум, ал эми мыйзам долбоорун колдойм деп билдирди.

Бүгүн, 25-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыкты. жана мыйзам долбоору талкуусуз эле биринчи окууда кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты