«Чоң саясатты ашкананын, абысындардын деңгээлине таштап салдык». Садыр Жапаровдун үч катачылыгы Байсаловдун ою боюнча  

АКШдагы элчи Эдил Байсалов “Азаттык” үналгысына берген маегинде президент Садыр Жапаровдун үч катачылыгын айтты.

Теңгиз Бөлтүрүк, мен ушунчалык жиним келет ошол кишиге, 630 млн доллар деп карандай калпты айтып жатат, аны төгүндөгөн бирөө да жок, же пресса жок, же өкмөтү жок, же калганы жок, мен ошого арданамын.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун үч катачылыгын белгиледи:

-Президент Садыр Жапаровдун үч катачылыгын айтайын, менин оюмча.

Биринчиден, өзүнүн саясий күч, саясий партия түзбөйм, бардыгы менен иштешем деп, азыр ошонун кесепетин көрүп жатабыз. Баары аны жактагандай, бирок бирөө да чыгып болушуп койбойт. Мен көрүп өтө арданып аттым. Ушунчалык, эбегейсиз ийгиликтерге жетишип алып, кайдагы бир… (Бөлтүрүктү да айтып атам, Сыргакты да айтып атам… калганын да айтып атам) саясий күч, саясий партия, саясий платформасынын жоктугу, -деди Байсалов.

Байсалов президенттин командасы экенин да айтып кетти.  

Экинчи маселе жанагындай, баары мактап жатыш керек да. АКШнын эл аралык институттары 93 пайызга чейин көтөрбөдү беле, мындан кийин ылдый гана кетет. 3-4 жыл, 10 жыл бою биз 90%ды көтөрө албайбыз. Элдин мүнөзү ошондой, кандай гана эл болбосун, адамзат, кайсы гана коомчулук болбосун, шак ылдый кетет. Азыкы учурда мейли 70-80%га, 50-60 деле болсун. Президент мага эмки шайлоодо 50%+1 добуш деп айтыш керек, ошол эле жетиштүү. Калганыңар мага демектен, силер 50 жылда түшүнсөңөр түшүндүңөр, калганыңар 5-10 жылдан кийин түшүнөсүңөрбү, тарых үчүн иштеш керек. Ал эми кадимкидей эле туташ колдоо дегендин эмне кереги бар? Ага эбегейсиз чоң ресурс кетип жатат, менин оюмча. Мына ушул саяаттан баш тартышыбыз керек.

Чоң саясатты, чоң экономиканы, геосаясатты ушунчалык ашкананын, абысындардын, ушунчалык ыплас деңгээлге таштап салдык. 

Үчүнчүдөн, менин оюмча, эң негизги биздеги проблема — биз чоң саясатты, чоң экономиканы, геосаясатты ушунчалык ашкананын, абысындардын, ыплас деңгээлге таштап салдык. 

Бизде институттар, журналистика жок, интеллигенция унчукпай жатышат, бардыгы унчукпай жатышат, бизде айтса эле сын менен айтыш керек, жөн эле талдаган киши жок. Бирөө чыгат, карыз албаш керек десе. Элита болсун, ошону элитага тапшыралы. Жогорку Кеңеш, өкмөт, экономист адистер, эксперттер, саясат таануучулар ошолор билсин. Азыркы демократия деп, айтып атат деп деңгээлди жоготтук. Ушунчалык коомдук талкуу төмөнкү деңгээлде, ошондон мен уялам кадимкидей.

630 миң долларды уурдады десе ишенип алышпадыбы. Теңгиз Бөлтүрүк, мен ушунчалык жиним келет ошол кишиге, 630 млн доллар деп карандай калпты айтып жатат, аны төгүндөгөн бирөө да жок, же пресса жок, же өкмөтү жок, же калганы жок, мен ошого арданамын,- деди Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов «Азаттыкка» берген маегинде.

Сүрөттө: Эдил Байсалов gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты