Садыр Жапаров селден улам адамдардын каза болушуна байланыштуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Тибет автономдуу районунда сел жүрүп, адамдардын каза болгондугуна жана дайынсыз жоголгондоруна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. 

“Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаардык округуна караштуу Гьиронг уездинде болгон селдин кесепетинен адамдар каза болду жана дайынсыз жоголду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Садыр Жапаров Непалда сел жүрүп, адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

Кытай жана Непал чек арасында 26-августтагы жер көчкү жана сел кырсыгында адамдар каза тапты, бир далай киши дайынсыз болууда. 

Кытай жана Непал чек арасындагы селден кийинки маалыматтар боюнча, 330 киши каза тапты, миңдей адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Непал жана Тибет чек арасындагы Тришули дайрасында жер көчкү түшүп, катуу сел жүргөн. Буга жер титирөө себеп болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты