Садыр Жапаров: Алар Кемпир-Абадга күйгөн жок. Жеке кызыкчылыгы үчүн, согуш чыгарыш үчүн гана кызыкдар күчтөр болгон

  • 1 год мурун

Бүгүн, 26-ноябрда, элдик курултайда айтылгандар боюнча президент Садыр Жапаров жооп берди. Анын ичинде курултай делегаттарынын айткандарына, анын ичинде Кемпир-Абад боюнча саясатчылар менен активисттерди чыгаруу боюнча суроосуна да жооп берди.

Садыр Жапаров мындай деди:    

-“Активисттер сиз түрмөдө жатканда чырылдап колдогон” дейт. Ооба, көпчүлүгү колдогон. Арасында акчага колдогондор да болгон. Чет өлкөдөн акча алып алып колдогондор да болгон.

Мен аларды сүйрөп барып, колунан жетелеп барып, чогулушка катыштырган жокмун да. Чет жактардан акча алып, элди “Бусикке”, “Портерге” жүктөп кел” деп жатат. Элди “Портерге жүктөп келгидей, эл малбы аларга?  Ызы-чуу салуу, Өзбекстан менен чек араны чечтирбей коюш керек. Алар Кемпир-Абадга күйгөн жок. Жеке кызыкчылыгы үчүн, эки өлкөнүн ортосунда согуш чыгарыш үчүн гана кызыкдар күчтөр болгон. Алар жеке эле өзүлөрү эмес, чет жактан да күчтөр, аларды шыкактап турган күчтөр бар. Бардыгын биз билебиз. Эми аларды сот чечет. Элге бүлүк салам деп жаткандарды камабай, башынан сылайбы? 25-30 кишинин кызыкчылыгын эмес, биз 7 млн кишинин тынчтыгын ойлошубуз керек, -деди президент Жапаров.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттер эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, .Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты