Россия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары

  • 1 месяц мурун

16-майда Стамбул шаарында Россия жана Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өттү.

Анда биринчиден, туткундарды алмашуу тууралуу келишимге келишти. Украинанын Коргоо министри Рустем Умеров 1000 туткунга 1000 туткунду алмашуу боюнча сөз жүргөнн билдирди. Экинчиден, Украина тарап жекеме-жеке сүйлөшүүнү талап кылды.

Журналисттер алдында сөз сүйлөгөн Россиянын делегация башчысы Владимир Мединский Россиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуу сунушун Орусия тарап көңүлгө алганын айтты. Үчүнчүдөн, Мединскийдин билдирүүсү боюнча, эки тарап тең согушту токтотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу ой-пикирлерин ар бир деталы боюнча иштеп чыгат.

Россиянын делегациясынын башчысы Владимир Мединский сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына канаттангандыктарын жана улантууга даяр экендиктерин билдирди.  

Сүйлөшүүлөр эки саатка созулганын Reuters агенттиги түрк жана украин дипломатиялык булактарына таянуу менен билдирди.

Сүйлөшүү Түркиянын Стамбул шаарында, Босфордун жээгиндеги Долмабахче сарайындагы президенттик резиденцияда өттү. 

BBC орус кызматы маалымдагандай, Стамбулдагы сүйлөшүүдө орус делегациясы кабыл алынгыс талаптарды койду. Атап айтканда, Украина ок атышпоону камсыз кылуу үчүн жарым-жартылай Орусия басып алган аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүсү талкууланды.

Украина тараптын билдирүүсү боюнча, Орусия тарап сүйлөшүүлөрдө америкалык өкүлдөрдүн болушуна нааразы болушту.   

Россиянын делегация курамына президенттин жардамчысы Владимир Мединский, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Армия башкы штабынын башкы башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков, коргоо министринин орун басары Александр Фомин кирди.

Украина тараптан делегациянын курамына: Украина тышкы иштер министринин биринчи орун басары Сергей Кислица, Коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Александр Поклад, тышкы чалгын кызматынын биринчи орун басары Олег Луговской, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысынын орун басары Алексей Шевченко, Коргоо министрлигинин чалгын башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Вадим Скибицкий, Куралдуу Күчтөрдүн Аба күчтөрүнүн штабынын башчысынын орун басары Евгений Шинкарев,  Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы штабынын башчысынын орун басары Александр Дьяков, Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкармалыгынын башчысы Алексей Маловацкий киргени айтылган. Украина делегациясын Коргоо министри Рустем Умеров жетектеди.  

Россиянын президенти Владимир Путин 15-майда Стамбулдагы жолугушууга барган жок.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылы аягына чыкпай калган сүйлөшүүнү 15-майда Стамбул шаарында улантууну Украинага сунуштаган. Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен 15-майда бетме-бет жолугушууга даяр экенин билдирген. Зеленский Түркияга барган жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушкан.

Россия менен Украина 2022-жылдан бери биринчи жолу жекеме-жеке сүйлөшүү жүргүздү.  

Сүрөт: Түркия ТИМи

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты