Идрис Кадыркулов Украинадагы элчи кызматынан бошотулду
- 15 часов мурун
- Жаңылыктар
Идрис Кадыркулов Украинадагы, Молдова, Румыниядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи кызматтарынан бшотулду.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Идрис Кадыркулов 2023-жылы 14-апрелде Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Идрис Кадыркулов 2018-2019-жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болгон. Паспорт чырына байланыштуу бул кызматтан отставкага кеткен.
Сүрөттө: Идрис Кадыркулов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




