Орус делегациясы Стамбулга Украина менен сүйлөшүүгө барды. Путин барган жок

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 15-майда, эртең менен Россиянын делегациясы Украина менен сүйлөшүүгө барганын авиация кызматына шилтеме берип, “Интерфакс” кабарлады.

Сүйлөшүү Түркиянын Стамбул шаарында, Босфордун жээгиндеги Долмабахче сарайындагы президенттик резиденцияда болмокчу.

14-майда Россиянын президенти Влдаимир Путин делегациянын курамын бекитти, аны Владимир Мединский жетектейт. Владимир Путин жолугушууга барган жок.

Украина делегациясын президенттик кеңсенин жетекчиси Андрей Ермак жетектейт.

Түркияга ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленский да барды. Зеленский Путин менен гана сүйлөшөм деп билдирген, бирок Украина кандай форматтагы болбосун, сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалаган.   

Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылы аягына чыкпай калган сүйлөшүүнү 15-майда Стамбул шаарында улантууну Украинага сунуштаган. Сунуш алдын ала шарты жок, жекеме-жеке сүйлөшүү болмокчу.  

Владимир Путин бул тууралуу 11-майга караган түнү билдиргенин «Россия 24» каналы кабарлады.

“Украина бийлигине 2022-жылдын аягында токтоп калган сүйлөшүүнү улантууну сунуштайбыз. Эч кандай, алдын ала шарты жок, түз сүйлөшүүнү жандандырууну сунуштайбыз. Сүйлөшүүнү токтоосуз, кийинки бейшембиде, 15-майда, Стамбулда баштоону сунуштайбыз. Мурда сүйлөшүү болгон жана токтоп калган жерде улантууну” деди Путин.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен 15-майда бетме-бет жолугушууга даяр экенин билдирген. 

“Биз эртең ок атышууну токтотууну күтөбүз. Өлүмдү создуктура берүүнүн кажети жок. Путинди бейшемби күнү (15-майда) Түркияда жеке күтөм” деп билдирди Зеленский телеграм-каналында. “Бул жолу орусиялыктар келбей коюуга себеп издебейт” деп ойлойм” деген Зеленский.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты