Москвада ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт. Ага Жапаров да катышат
- 9 часов мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин Москва шаарында өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн барат.
Бул тууралуу президенттин рассмйи сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, жыйында мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат.
Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана Уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Анда бир катар документтерге, анын ичинде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 35 жылдыгына жана ЖККУнун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар планына кол коюу пландалууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




