Россия-Украина сүйлөшүүсү: 16-майда Стамбул шаарында болору күтүлүүдө

  • 1 месяц мурун

Түркиянын Стамбул шаарында 15-майга белгиленген Россия-Украина сүйлөшүүсү болгон жок. Орусия жана Украина ЖМК маалыматы боюнча, сүйлөшүү бүгүн, 16-мартта, болору күтүлүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский сүйлөшүү делегациясынын курамын бекиткени тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.

Украина тараптан делегациянын курамына: Украина тышкы иштер министринин биринчи орун басары Сергей Кислица, Коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Александр Поклад, тышкы чалгын кызматынын биринчи орун басары Олег Луговской, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысынын орун басары Алексей Шевченко, Коргоо министрлигинин чалгын башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Вадим Скибицкий, Куралдуу Күчтөрдүн Аба күчтөрүнүн штабынын башчысынын орун басары Евгений Шинкарев,  Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы штабынын башчысынын орун басары Александр Дьяков, Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкармалыгынын башчысы Алексей Маловацкий кирди. Украина делегациясын Коргоо министри Рустем Умеров жетектемекчи.  

Делегация башчысы бул курамга өзгөртүү киргизе алары айтылды.   

14-майда Россиянын президенти Владимир Путин делегациянын курамын бекитти, аны Владимир Мединский жетектейт.

Россиянын президенти Владимир Путин 15-майда Стамбулдагы жолугушууга барган жок.

Сүйлөшүү Түркиянын Стамбул шаарында, Босфордун жээгиндеги Долмабахче сарайындагы президенттик резиденцияда болору айтылган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылы аягына чыкпай калган сүйлөшүүнү 15-майда Стамбул шаарында улантууну Украинага сунуштаган. Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен 15-майда бетме-бет жолугушууга даяр экенин билдирген. Зеленский Түркияга барган жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушкан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты