Зеленский Путин менен Стамбулда жолугушууга даяр экенин билдирди
- 1 месяц мурун
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен 15-майда бетме-бет жолугушууга даяр экенин билдирди. Ага чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын 15-майда Украина менен жолугушуу өтүнүчүн Зеленский кабыл алышы керектигин айтты.
“Биз эртең ок атышууну токтотууну күтөбүз. Өлүмдү создуктура берүүнүн кажети жок. Путинди бейшемби күнү (15-майда) Түркияда жеке күтөм” деп билдирди Зеленский телеграм-каналында. “Бул жолу орусиялыктар келбей коюуга себеп издебейт” деп ойлойм” деди Зеленский.
Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылы аягына чыкпай калган сүйлөшүүнү 15-майда Стамбул шаарында улантууну Украинага сунуштаган. Сунуш алдын ала шарты жок, жекеме-жеке сүйлөшүү болмокчу.
Владимир Путин бул тууралуу 11-майга караган түнү билдиргенин Россия 24 каналы кабарлады.
“Украина бийлигине 2022-жылдын аягында токтоп калган сүйлөшүүнү улантууну сунуштайбыз. Эч кандай, алдын ала шарты жок, түз сүйлөшүүнү жандандырууну сунуштайбыз. Сүйлөшүүнү токтоосуз, кийинки бейшембиде, 15-майда, Стамбулда баштоону сунуштайбыз. Мурда сүйлөшүү болгон жана токтоп калган жерде улантууну” деди Путин.
Түркиянын презиленти Режеп Тайып Эрдоган орус-украин жекеме-жек сүйлөшүүсүн уюштуруп берүүнү билдирген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан