Путин 15-майдан баштап Украина менен алдын-ала шарты жок, түз сүйлөшүүнү сунуштады  

  • 1 месяц мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылы аягына чыкпай калган сүйлөшүүнү 15-майда Стамбул шаарында улантууну Украинага сунуштады. Сунуш алдын ала шарты жок түз сүйлөшүү болмокчу.  

Владимир Путин бул тууралуу 11-майга караган түнү билдиргенин Россия 24 каналы кабарлады.

“Украина бийлигине 2022-жылдын аягында токтоп калган сүйлөшүүнү улантууну сунуштайбыз. Эч кандай, алдын ала шарты жок, түз сүйлөшүүнү жандандырууну сунуштайбыз. Сүйлөшүүнү токтоосуз, кийинки бейшембиде, 15-майда, Стамбулда баштоону сунуштайбыз. Мурда сүйлөшүү болгон жана токтоп калган жерде улантууну” деди Путин.

Орусия президентинин айтымында, ал Түркиянын президенти Режеп Эрдоган менен орус-украин сүйлөшүүсүн уюштуруу боюнча сүйлөшүүнү пландап жатат.

Ошондой эле Орусиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул сунуштан баш тартпайт деп ишенээрин кошумчалады.  

Буга чейин 30 күндүк жарашуу сунушталган. Украина бийлиги 12-май, дүйшөмбү күндөн тартып, 30 күнгө сокку урууну токтотууга макул болгонун жарыялаган. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Польшанын премьер-министри Дональд Туск, Англиянын премьер-министри Кир Стармер жана Германиянын канцлери Фридрих Мерц Киевге баргандан кийин билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты