Рита Карасартованын иши боюнча соттук отурум 27-июнга жылдырылды

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 19-июнда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунд укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча соттук отурум 27-июнга саат 14:15ке жылдырылды.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын социалдык тармакта билдиргенине караганда, соттук отурумга прокурор, тергөөчү келген эмес, соттордо кылмыш ишинин материалы жок. Бул күнү жалпы беш арыз каралмак.

Сот соттук ишти кароону 27-июнга жылдырылды.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын абактагы мөөнөтүн жагы бир айга, 12-июлга чейин узартты.

30-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту белгилүү укук коргоочу Рита Карасартованын камактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узартты. 

Укук коргоочу Карасартова 15-апрелде 48 саатка камакка алынган. Укук коргоочуну Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Карасартованын айтымында, анын кармалышына Тилекмат Куреновдун өзүнө жолдонгон аманат катын социалдык тармакка жарыялап койгону себеп болгон.

Укук коргоочу Карасартова массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө.

Сүрөттө: Рита Карасартова. 19-июнь 2025. Гүлшайыр Абдирасулованын Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты