ЖАМК мекемесинин жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мекемесинин жетекчиси пара талап мекемесинин шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
25-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №19 мекемесинин жетекчиси, 1982-жылы туулган аскер кызматынын майору Ж.М.Ж. кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышка, пара талап кылууга шектелип кармалды.
Маалыматта айтылгандай, Ж.М.Ж. 2025-жылдын февраль айынан тартып соттолгон адамдын жакын туугандарынан телефон аркылуу сүйлөшүүгө жана жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн системалуу түрдө акча каражатын талап кылып келген.
Акча каражаттары MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу акча которуу жолу менен алынганы аныкталган.
Ж.М.Ж. кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: УКМК




