Раиса Атамбаева кыргыз элине жана президентке кайрылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева кыргыз элине жана президентке кайрылды.  

— Мен кыргыз элинин келини, өз өлкөсүнүн патриоту катары, балдарыма жана өзүмө үйдү калтырууну башкалар суранганда калтырып койгондой, суранууга укугум жок. Менин кол куушуруп, үйүмдү калтыргыла деп олтурганымдын өзү улуу кыргыз элин уят кылат,-деди Раиса Атамбаева.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровго кайрылып, Раиса Атамбаева мындай деди:   

-Жолдошум Дубайдагы жолугушууда Бакиевди реабилитациялоого макулдук берүүдөн баш тартканы үчүн балким, сизде терс эмоциялар болуп жатат деп ойлойм. Бирок ал жеке сизге каршы чыккан эмес, экс-президенттер жана бийлик болуп, 5-6 адам эмес, маселени Кыргызстандын эли, айрыкча, мерт кеткендердин үй-бүлөсү менен жарадар болгондор чечишсин деп билдирген,-деди Раиса Атамбаева.         

Анын кайрылуусун уулу Кадыр Атамбаев Фейсбук баракчасына жарыялады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев бүгүн, 12-сентябрда, аларды Кой-Таштагы үйүнөн мыйзамсыз чыгарып жатканын Фейсбук баракчасы аркылуу айтып чыккан.

“Мени, апамды жана менин үй-бүлөмдү Кой-Таштагы үйүбүздөн мыйзамсыз чыгарып, 100 метр алыстыкта туугандарыбыз көмүлгөн ата-бабаларыбыздын жеринен үй-жайсыз калтырууну каалап жатышат. Сот аткаруучулар келишти” деп билдирди Атамбаевдин уулу.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө Карылар үйү жайгаштырыла турганын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиги билдирди.

-Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн билесиздер. Башында ал жер дагы мамлекетке таандык болгон. Бирок кийин өзүнө өткөрүп алып, үй курган. Соттун чечими менен бул жер дагы мамлекетке кайтарылган. Эми жер тилкенин жарымына заманбап шарттагы карылар үйү курулуп, эскилиги жеткен Ысык-Ата районундагы жана Бишкектеги карылар үйлөрүндөгү карыялар ушул жерге көчүрүлөт” деп Маммүлк маалыматында.

Ал эми үйдүн калган жарымына балдар бакчасы курулары айтылды.  

-Калган жарымына 500 орундуу балдар бакчасы курулуп, Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакынкы айылдардын балдарына кызмат кылат. Учурда бул айылдардын тургундары балдарын шаарга ташып келишет. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылга бүткөрүлөт. Ал эми Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр түшөт,-деп билдирди мамлекеттик мүлк агенттиги.

Учурда чет өлкөдө жүргөн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын бийлигин Рим статутун ратификациялоого жана Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна кайрылууга чакырган.

«Мен бул сотко жеке барып, саясий жана кылмыш иштери боюнча бардык айыптарга жооп берүүгө даярмын» деди Алмазбек Атамбаев.

2025-жылдын 3-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кой-Таш окуясы” боюнча өкүм окуп, Атамбаевди 11 жыл 3 айга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу чечимин чыгарган. Калган айыпталуучуларга да ар түрдүү жаза мөөнөттөрү берилген.

2023-жылдын февралында сот Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берген.

Сүрөт: Sultan Dosaliev

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты