«Бардык айыптарга жооп берүүгө даярмын». Атамбаев бийликти эл аралык сотко кайрылууга чакырды
- 5 месяцев мурун
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш иши боюнча чыккан сот өкүмү боюнча комментарий берди.
Атамбаев өз билдирүүсүндө сегиз жыл мурда президенттик кызматты өз ыктыяры менен тапшырганын, кызмат учурунда катачылыктар кеткенин мойнуна алып, бирок өлкө кызыкчылыгына каршы чыкпаганын белгиледи.
«Мен эч качан Кыргызстандын кызыкчылыгын саткан эмесмин. Ката кетирдим, бирок аны дайыма моюнга алгам», — деп билдирген Атамбаев.
Ал ошондой эле башка кылмыш иштери, анын ичинде Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча чыгарылган өкүмдөрдү негизсиз деп атады.
Мурдагы президент саясаттан кеткенине карабастан, бийлик тарабынан өзүнө, тарапташтарына жана жакындарына кысым токтобогонун айтты. Ал өз үй-бүлөсүнө, жубайына, балдарына жана тарапташтарына, анын ичинде Фарид Ниязовго, Ириниа Карамушкинага жана башкаларга ыраазычылык билдирип, кечирим сурады.
Учурда чет өлкөдө жүргөн Атамбаев Кыргызстандын бийлигин Рим статутун ратификациялоого жана Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылууга чакырды.
«Мен бул сотко жеке барып, саясий жана кылмыш иштери боюнча бардык айыптарга жооп берүүгө даярмын», — деди ал.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 3-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кой-Таш окуясы” боюнча өкүм чыгарып, Атамбаевди 11 жыл 3 айга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу чечимин чыгарган. Калган айыпталуучуларга да ар түрдүү жаза мөөнөттөрү берилген.
2023-жылдын февралында сот Атамбаевге дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берген.




