“Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө карылар үйү жайгаштырылат”. Маммүлк агенттигинин билдирүүсү  

  • 10 месяцев мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө Карылар үйү жайгаштырылат. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиги билдирди.

-Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн билесиздер. Башында ал жер дагы мамлекетке таандык болгон. Бирок кийин өзүнө өткөрүп алып, үй курган. Соттун чечими менен бул жер дагы мамлекетке кайтарылган. Эми жер тилкенин жарымына заманбап шарттагы карылар үйү курулуп, эскилиги жеткен Ысык-Ата районундагы жана Бишкектеги карылар үйлөрүндөгү карыялар ушул жерге көчүрүлөт” деп Маммүлк маалыматында.

Ал эми үйдүн калган жарымына балдар бакчасы курулары айтылды.  

-Калган жарымына 500 орундуу балдар бакчасы курулуп, Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакынкы айылдардын балдарына кызмат кылат. Учурда бул айылдардын тургундары балдарын шаарга ташып келишет. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылга бүткөрүлөт. Ал эми Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр түшөт,-деп билдирди мамлекеттик мүлк агенттиги.

Мамлекеттик мүлк агенттиги ошондой эле убагында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү да мамлекетке алынганын эске салды.

-Бишкектин Жибек-Жолу проспектисиндеги мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык үй мамлекетке өткөрүлүп, анын ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору курулду. Бүгүнкү күндө бул борбордо миңдеген балдар дарыланып, реабилитациядан өтүп жатышат. Ошондой эле Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашкан Бакиевдердин дагы бир жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, ал жерге ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курулуп, жүздөгөн жарандар турак жайлуу болушту. Мына ушундай мисалдар көп.Мамлекеттин мүлкү мамлекетке кайтарылып, аны элдин кызыкчылыгына иштетүү аракети уланууда,-деди Маммүлк агенттиги.  

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев бүгүн, 12-сентябрда, аларды Кой-Таштагы үйүнөн мыйзамсыз чыгарып жатканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

“Мени, апамды жана менин үй-бүлөмдү Кой-Таштагы үйүбүздөн мыйзамсыз чыгарып, 100 метр алыстыкта туугандарыбыз көмүлгөн ата-бабаларыбыздын жеринен үй-жайсыз калтырууну каалап жатышат. Сот аткаруучулар келишти” деп билдирди Атамбаевдин уулу.

Ошондой эле партиянын мүлкүн алуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады:    

“Ошол эле учурда 2010-жылдын 7-апрелинде революция башталган СДПК партиясынын штабын жана “Медиафорумду” конфискациялоо аракеттери көрүлүүдө. Бул абсолюттук мыйзамсыздык. Анын үстүнө биз Жогорку Сотко, Конституциялык палатага кайрылабыз деп билдиргенбиз. Шаардык сот да аягына чыга элек. Ага карабай сот аткаруучулар жогору жактан келген буйрук менен мыйзамсыз аракеттерин башташат” деди Кадырбек Атамбаев.  

Учурда чет өлкөдө жүргөн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын бийлигин Рим статутун ратификациялоого жана Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна кайрылууга чакырган.

«Мен бул сотко жеке барып, саясий жана кылмыш иштери боюнча бардык айыптарга жооп берүүгө даярмын» деди Алмазбек Атамбаев.

2025-жылдын 3-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кой-Таш окуясы” боюнча өкүм окуп, Атамбаевди 11 жыл 3 айга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу чечимин чыгарган. Калган айыпталуучуларга да ар түрдүү жаза мөөнөттөрү берилген.

2023-жылдын февралында сот Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берген.

Сүрөт: mammulk.gov.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты