Акыйкатчы Анкарада кармалган Эрмек Сабыржанов боюнча Түркия акыйкатчысына кайрылды  

  • 4 недели мурун

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева  Түркиянын башкы акыйкатчысы Мехмет Акаржага Анкара шаарында кармалган кыргыз жараны Эрмек Сабыржанов боюнча кат жолдоду.

Бул тууралуу КР Акыйкатчы институту маалымдады.

Эрмек Сабыржановдун жакындары Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушуп, укугун коргоп берүүнү суранышкан.

Жамиля Жаманбаева Түркия жана Кыргызстандын Акыйкатчы институтарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде Мехмет Акаржадан кыргыз жаранынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

“Кармалган жарандын жакындары бүгүнкү күнгө чейин кармоонун негиздери жана жагдайлары боюнча маалымат ала албай, кабатыр болуп жатышат. Адвокат аркылуу жолугушуу уюштуруудан дагы жыйынтык чыккан эмес” деп кайрылды акыйкатчы.

Ошону менен катары эле, Жамиля Жаманбаева Тышкы иштер министрлигине  Эрмек Сабыржановдун жакындарына консулдук-укуктук жардам керектигин белгилеген кат жолдоду.

34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда, 2026-жылдын 22-майында Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан кармалган.

Баштапкы маалымат боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жатат. Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган.

«Анын адвокаты Эрдем Атмажа “Азаттыкка” Эрмек Сабыржанов кармалганын ырастап, ушул тапта Анкарада абакта экенин кабарлады. Бирок кайсыл иш боюнча кине коюлганын айткан жок. Адвокат Сабыржановдун ишине байланыштуу бардык маалыматтарды Түркиядагы Кыргызстандын элчилигине бергенин кошумчалады. Эрмек Сабыржановдун жубайы Аделина Касымова “Азаттыкка” үч баласы менен эки жумадан бери Түркияда жүргөнүн, бул мамлекетте жакындары жок болгондуктан кыйналып жатканын билдирди».

Буга чейин Фетхуллах Гулендин кыймылына байланыштуу Түркияда Азамат Нурмат уулу кармалган.  

Сүрөттө: Эрмек Сабыржанов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты