Кадырбек Атамбаев аларды Кой-Таштагы үйүнөн мыйзамсыз чыгарып жатышканын билдирди
- 10 месяцев мурун
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев аларды Кой-Таштагы үйүнөн мыйзамсыз чыгарып жатканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
“Мени, апамды жана менин үй-бүлөмдү Кой-Таштагы үйүбүздөн мыйзамсыз чыгарып, 100 метр алыстыкта туугандарыбыз көмүлгөн ата-бабаларыбыздын жеринен үй-жайсыз калтырууну каалап жатышат. Сот аткаруучулар келишти” деп билдирди Атамбаевдин уулу.
Ошондой эле партиянын мүлкүн алуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады:
“Ошол эле учурда 2010-жылдын 7-апрелинде революция башталган СДПК партиясынын штабын жана “Медиафорумду” конфискациялоо аракеттери көрүлүүдө. Бул абсолюттук мыйзамсыздык. Анын үстүнө биз Жогорку Сотко, Конституциялык палатага кайрылабыз деп билдиргенбиз. Шаардык сот да аягына чыга элек. Ага карабай сот аткаруучулар жогору жактан келген буйрук менен мыйзамсыз аракеттерин башташат” деди Кадырбек Атамбаев.
Мурдагы президент Атамбаевдин уулу аны чет өлкөгө да чыгарбай жатышканын айтты:
“Дарылануудагы атама жолугайын десем чет өлкөгө барганга да уруксат бербейсиңер. Өлкө ичинде менин үйүмдү тартып алып жатасыңар. Айдар Акаевден, Максим Бакиевден, Рустам Жапаровдон, Таймурас Ташиевден, мен баарынан жаманмынбы?!
Эгерде Темирлан Султанбеков дээрлик жарым жыл унчукпай тургандан кийин туулган күнүнө карата кайрылуу жасаган болсо, анда бул Атамбаевдердин үй-бүлөсүнөн өч алууга негиз эмес. Темирлан көз карандысыз адам,-деди Кадырбек Атамбаев.
Учурда чет өлкөдө жүргөн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын бийлигин Рим статутун ратификациялоого жана Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна кайрылууга чакырган.
«Мен бул сотко жеке барып, саясий жана кылмыш иштери боюнча бардык айыптарга жооп берүүгө даярмын» деди Алмазбек Атамбаев.
2025-жылдын 3-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кой-Таш окуясы” боюнча өкүм окуп, Атамбаевди 11 жыл 3 айга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу чечимин чыгарган. Калган айыпталуучуларга да ар түрдүү жаза мөөнөттөрү берилген.
2023-жылдын февралында сот Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берген.
Темирлан Султанбеков «Социал-демократтар» партиясынын лидери.
Кадырбек Атамбаев Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, шаардык кеңештеги «Социал-демократтар» фракциясынын жетекчиси. Өзүнөн туулган күнүндө 27 жашка чыккан күнү кайрылуу жасап, азыр жмне иш менен алектенип жатканын, келаткан шайлоого катыша албай турганын жана алдыдагы пландары менен бөлүшкөн.
2025-жылы 24-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер үч жыл пробациялык көзөмөлгө чыгарылып, сот залынан бошотулду.
2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Түрксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. 2024-жылы 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аталган адамдарды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Сүрөттө: Кадырбек Атамбаев. Интернет булактарынан




