75чилердин каты: Экс-депутат Калмаматов Тургунбек уулунун жана Зулушевдин айткандары боюнча пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов кайрылуу жасап, 75 адамдын каты боюнча мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат Курманкул Зулушевдин айткандары боюнча пикирин билдирди.

Бактыбек Калмаматов саясатта беш жыл бою үн катпай келгенин, эми коомчулук менен байланышта болуп, коомдук-саясий турмушка активдүү аралашып, пикирин билдирип турарын айтты.

Бактыбек Калмаматов 75 адамдын иши боюнча ага көп журналисттер, катардагы карапайым адамдар да көп сурап жатканынан улам, өзүнүн пикирин жарыя кылды:

-Бул иш боюнча тергөө бүтүп, сот иштери уланып жатат. Мен жакында эле Биринчи май сотундагы сот процессине келгендердин, Шакиевдин (азыр Тургунбек уулу-ред.)  алар “билген эмеспиз, көргөн эмеспиз” деп, “Ууру тойгончо уурдап, өлгөнчө карганат” деп коет эмеспи, анын сыңарындай, катардагы, Жогорку Кеңештин кароолчусу болсо бир жөн, мен “көргөн жокмун, билген жокмун” деп айтып койгондой. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп туруп, уят эмеспи, “ооба мен көргөм, ишке ашпай калды, кечирип койгула, күнөөлүүмүн” деп айтып койсо болмок. Саясатчы жоопкерчиликти ала билиш керек, -деди  Бактыбек Калмаматов.

-Түрмөгө кирбеген киши калган жок го, баарыбыз бирден кирип чыктык, булар деле кирип чыксын. Булар катты алганы чын. “Эмнеге мандатыңды тапшырдың?” десе, “мамлекетттин стабилдүүлүгү үчүн тапшырдым” деп коет. Бул жагы эки ача сөз болуп жатпайбы. Эгерде мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн сөз болуп жатса, стабилдүүлүктү каалаган адам ошол катты уюштурмак беле? Анысы аз келгенсип, Зулушев катты комитетке өткөрүп берип коюптур. Ал дагы “сот чечет” дегенге өтүп алыптыр. Ал деле билген да, башкы прокурор болгон, мыйзамды жакшы билген киши катары ал “жок, мен комитетке ала албайт экенмин, “силер биринчи Конституциялык сотко арыздангыла, ошолор чечсин” деп койсо болмок да. Ишке ашпай калгандан кийин жок деп жатат. Ишке ашып кеткенде Ташиевдин оң колу, сол колу болуп, экөө жыргап, баары-жокту бөлүштүрүп жаткан болмок-деди Калмаматов.

Мурдагы депутат ошондой эле социалдык түйүндү көп колдонбогондон кийин алардын атын пайдаланып, ар кайсы командаларга кошкондор көбөйүп кеткендиктен, мындан ары коомчулук менен түз байланышта боло турганын айтты.    

Парламенттин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 75 кишинин катына тиешеси жок экенин билдирди.     

“Мен ал катты көргөн да, окуган да эмесмин. Ал учурда Түркияда иш сапарда жүргөм. Бирок ал колдон колго эмес, каттар бөлүмү аркылуу эле келген” деп Тургунбек уулу Биринчи май райондук сотуна бул иш боюнча отурумга кирип бара жатып билдирди.

Бул иш боюнча айыпталган Жогорку Курманкул Зулушев «Бардыгы купуя азыр. Сабыр кылып тургула. Жараян эми башталды, угасыңар. Коюлган айып боюнча менин эч кандай тиешем жок» деп айтты.

28-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 75 кишинин каты боюнча отурум болду. Соттук отурумга Улуттук коопсузук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев да катышты.  

18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасап, күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди.

Ички иштер министрлиги бул ишке “жашыруун” деген гриф койгон, буга байланыштуу сот отурумдары жабык өтүүдө.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов 10-июнга чейин камакта калтырылды.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.

Бактыбек Калмаматов 2022-жылы 22-декабрда «Манас» аэропортунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынган. Улуттук коопсуздук комитети Калмаматовго «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айып тагылып, абакта отуруп чыккан.

Сүрөттө: Бактыбек Калмаматов. БШК 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты