Парламенттин чукул жыйынын ачууга кворум болбой жатат       

  • 3 года мурун

Бүгүн, 6-январда, Жогорку Кеңеште  ЖККУнун күчтөрүнүн Казакстанга киришине байланыштуу кезексиз парламент жыйыны болору кабарланган.    

Парламент жыйынына  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Буга чейин Камчыбек Ташиев инфекциялык ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы маалымдалган.  

Жыйынга ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да келди.

Бирок  ЖКнын чукул жыйынын ачууга вкорум болбой жатат. Залда болгону 37 депутат отурат.

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилди.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Нааразылык учурунда Казакстанда сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты өлкөнүн ички иштер министрлигине таянуу менен кабарлады.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды. Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты