Орунбеков «Клооптун» сурак берген журналисттерине Болот Темиров ай сайын акы төлөп турганын билдирди

  • 6 месяцев мурун

Президенттик администрациянын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооп” басылмасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берген журналисттеринин ар бирине иликтөөчү журналист Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү аркылуу ай сайын 500-800 доллар берип, заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды деп Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.   

-Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү бөлгөн гранттар аркылуу төмөндөгү балдар-кыздарды каржылап, аларга акча төлөп, жалган иликтөөлөрдү жасатып, атайын заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды. Ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Бул жаштар мурда жабылып калган “Клооп” сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет. Алар — А.Эркебаева (1999-ж.т.), З.Сыдыгалиева (2000-ж.т.), Ж.Дуулатов (2002-ж.т), А.Александров (1997-ж.т) жана З.Болот кызы (1999-ж.т.). Учурда булар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жана Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып жүргөнүн моюндап, Темиров менен кызматташуудан баш тартты. Алар жалган билдирүүлөрдү жасап, мамлекетке каршы багытталган атайын заказдарды аткарып келишкенин айтып беришти,- деп жазды Дайырбек Орунбеков.

«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы мурдагы кызматкер Зара Садыгалиева бошотулду. Бул тууралуу “Клооп” басылмасы Телеграм каналында билдирди. Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулганы маалымдалды.

Маалыматта кое берилгендердин бардыгы андагыларды ачыктабоо тууралуу тилкат бергендиктен, алардын кармалышынын себептери белгисиз экенин айтылды.  

Ал эми “Клооптун” оператору Александр Александров жана мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалды.

Адвокат Бакыт Автандил кармалган кызматкерлерди адвокатсыз суракка алуу мыйзамсыз экендигин билдирди. “Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин кызматкерлерди чындыгында уурдап кетишкенин, алардын кармалышынын себебин туугандарына, адвокатка да билдиришпегенин, алардын кайда экенин түш жарымында гана билүүгө мүмкүн болгонун айтты.  

28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зара Сыдыгалиева да суракка чакырылган.

Зыягүл Болот кызы менен Александр Александровдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн, калгандарынын үйү тинтилдиби же жокпу, азырынча белгисиз.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Клооптун» азыркы жана мурдагы журналисттеринин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Сүрөт коллажы: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты