Молдовалык ишкер Илан Шордун санкцияны кыйгап өтүү схемасы

Молдовалык ишкер Илан Шор тарабынан түзүлгөн А7 төлөм системасы тууралуу Financial Times басылмасы чоң иликтөө жарыялаган.  

Басылма билдиргендей, санкцияларды кыйгап өтүп, Россиядан 6,9 млрд доллар төлөм жүргүзүлгөн. Анын ичинде төлөмдөр Кыргызстандын мамлекеттик банктары аркылуу жүргүзүлгөндүгү белгиленет.  

Басылма чыныгы көлөм жогоруда аталган суммадан да көп болушу ыктымалдыгын айткан. Документтерде эки мамлекеттик банк – “Элдик банк” жана “Айыл банк” көрсөтүлгөн, ошондой эле Евразия сактык банкы болгон.  

Уюмдардын арасында эң көп төлөм жүргүзгөн Кыргызстандын Соода компаниясы болгон. Аны мамлекет түзүп, кайра жаап койгондугу да айтылат.

Негизги каражаттар 2024-жылдын аягында жана 2025-жылдын башында аталган финансылык мекемелер аркылуу жүгүртүлүп турган.

Анда компаниялар жасалма болуп, документтер жасалмаланып, товардык коддор алмаштырылгандыгы белгиленет. Мисалы кечкисин таамай мелжей турган товарлар кагазда “чыңалган айнек” же бут кийим катары толтурулган.     

Financial Times  басылмасы А7 ички документинин жүздөгөн миң файлдарына анализ жүргүзгөн. Басылма БАЭде 61 жасалма компанияны, Гонконгдо 87, Кыргызстанда 16 жана Индонезияда 14 жасалма компанияны аныктаган. А7 адегенде Россияда жана Кыргызстанда молдовалык бизнесмен Илан Шор  тарабынан россиялык “Промсвязьбанкынын” колдоосунда түзүлгөн. Ал банк Россиянын коргоо өнөр жайы менен байланышта болгонун Financial Times белгилейт.

Ачык маалыматтарда Илан Шор Молдованын банк системасынан 1 млрд доллар алып чыгып кеткени үчүн 2017-жылы сыртынан жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш ишинен качып, ал Молдавадан кетип, Россиянын жарандыгын алгандыгы айтылат.

Ал эми 2023-жылы апрелде Молдованын Апелляциялык соту ошол эле иш боюнча Илан Шорду сыртынан 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Сүрөттө: Илан Шор. Никита Новак / news.ru / Global Look Press)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты