Октябрь райондук соту «Клооп Медианы» жоюу чечимин чыгарды (Видео)

Бүгүн, 9-февралда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Клооп Медианы» жоюу чечимин чыгарды.

«Клооп Медиа» фонду Бишкек шаардык сотуна бул чечим боюнча арыз жаза турганын билдирди.

«Клооп Медианын» адвокаты Нурбек Сыдыков сот жараяны мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн белгиледи.

Анын айтымында, үч жолу сот жараянына келбеген экспертти чакырышкан жок;

-Бектур Искендердин жеке публикацияларын «Клооптуку» менен бирге карашты;

-Соттун чечими жумуш эмес убакытта чыгарылып жатат;

-Судья эксперттерге алардын укуктары жана милдеттери тууралуу айткан жок жана алардан тилкат алган жок;

-Ликвидация кыла турган тарап кызыкдар тарап болуп саналат;

-Эксперттер эч кандай далил келтиришкен жок.

Адвокат Акмат Алагушев орусиялык көз карандысыз эксперттердин пикири менен сотту тааныштырды. Көз карандысыз эксперттер психиатрлар бул иш боюнча экспертиза жүргүзө албай турганын, экспертизаны психолог-лингвисттер жүргүзүшү керектигин билдиришти.

Прокурор Төлөгөн Мамыркалиев «Клооп Медианы» жоюуну суранды, жоюучу катары Октябрь районунун Салык кызматын дайындоону суранды.

12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасынын кыргыз тилиндеги  ky.kloop.asia домениндеги сайтын фейктер тууралуу мыйзамдын негизинде бөгөттөгөн.

12-сентябрда “Клооп” басылмасы сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. «Клооптун» орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган.

5-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу боюнча прокуратуранын доо арызы боюнча кезектеги соттук отурум өттү.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты