“Клооп Медианы” жоюу боюнча сот: Прокуратуранын кайрадан экспертиза жүргүзүү өтүнүчү канааттандырылды

  • 5 месяцев мурун

Бишкектин Октябрь райондук соту «Клооп Медиа» коомдук фондун (Kloop.kg сайты) жабуу боюнча ишти токтотту. Бул тууралуу аталган басылма маалымдады.

12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Сайттын адвокаты Акмат Алагушев билдиргендей, прокурор “Клооптун” материалдары боюнча кайра бир нече экспертиза өткөрүүнү өтүнүп, судья аны канаттандырды. Мамлекеттик айыптоо тарап буга чейинки экспертиза тергөөдө болгонун, сотто эми жаңысын өткөрүү керек экенин негиз кылган.

Башта ишти судья Элмира Барыктабасова карай баштаган. Иш кийин Тимурлан Карабековго өткөрүлгөн.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасынын кыргыз тилиндеги  ky.kloop.asia домениндеги сайтын фейктер тууралуу мыйзамдын негизинде бөгөттөгөн.

12-сентябрда “Клооп” басылмасы сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. «Клооптун» орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган.

6-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабууга байланыштуу арызы каралды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты