“Клооп” басылмасы министрликтин талабын аткарбай турганын, адилетсиздикке каршы күрөшөрүн айтты

  • 8 месяцев мурун

“Клооп” басылмасынын сайтына 12-сентябрда “«Клооп» макаланы өчүрбөйт. Коркутууларга карабай бийликтин адилетсиздигине каршы күрөшөт” деген макала жарыяланды.

“Клооп” басылмасы материалды өчүрүү талабын аткарбай тургандыгын билдирди.

“Албетте, биз эч бир материалды өчүрбөйбүз. Биз ал жаңылыкта чындыкка коошпогон маалымат бар деп эсептебейбиз.  Бийлик биздин ооз ачпай калуубузга кандай аракет жасап жаткандыгы андан да шектүү болуп жатат. Биз мурда эле бийликтин бизди бөгөттөөсүнө даяр болчубуз. Ошондуктан “Клооп” сайтынын башкы барагында жыл башында эле, эгер биздин сайт бөгөттөлүп калса, биздин бөгөттөлбөй турган күзгүдөн окугула” деп берип жатабыз.   Биз Кыргызстандын бийлигинин чечимдерин бардык деңгээлде коргойбуз» деп жазылган.

Маданият министрлиги “Клооп” сайтынын “Политик Равшан Джеенбеков заявил, что его пытают в СИЗО-1” (“Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де аны кыйноого алып жаткандыгын билдирди”) аттуу материалында чындыкка дал келбеген маалымат жарыяланган деп, эгерде ал материалды сайттан алып таштабаса, эки айга чейин бөгөттөөнү көздөп жаткандыгын жазып чыкты.

“Эгер чындыкка дал келбеген маалыматты алып салуу боюнча чечим аткарылбаса, анда Маданият министрлиги “Клооп” сайтын эки айга чейин бөгөттөйт” деп айтылган министрликтин катында.

Бул фейктер жөнүндө мыйзамдын негизинде “Клооптун” сайтын бөгөттөө боюнча биринчи аракет эмес. 2022-жылдын февраль айында Маданият министрлигине Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ушундай арыз менен кайрылган. “АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты”  аттуу макаланы веб-сайттан өчүрүү талабын койгон. Бирок, көп өтпөй агенттик себебин түшүндүрбөй, арызын кайтарып алган. Маданият министрлиги “Клооптун” сайтына бөгөт койгон жок болчу.

Сайтты бөгөттөө чечиминден тышкары,” Клооп ” басылмасы азыр жабылуу коркунучунда турат. 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop.kg порталын жоюу боюнча Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна доо арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Документте “Жарыяланган материалдардын көбү негативдүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискретизациялоого багытталган. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтары басымдуулук кылары” айтылган.

“Медиа Полиси институтунун” юристтери менен Кыргызстандын медиа коомчулугунун пикиринде, Борбордук прокуратуранын доо арызы “чечилбейт”. Алар бир катар эл аралык уюмдар сыяктуу эле бийликке “Клоопту” куугунтуктоону токтотуу жана доо арызды кайтарып алуу боюнча кайрылуу жасашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты