“Клооп Медианы” жоюу боюнча сот: Айыптоочу тараптын күбөлөрү экспертизанын жүйөлөрүн так түшүндүрө алган жок

  • 4 месяца мурун

5-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу боюнча прокуратуранын доо арызы боюнча кезектеги соттук отурум өттү.

Соттук отурум саат 16:00дөн 19:40ка чейин уланды. Адвокаттардын соттук отурумду башка күнү улантууну суранганына карабай, сот отурумдун жумуш убактысынан тышкары болгонун эске албай, саат 19:40ка чейин улантты. Отурумда айыптоо тараптын күбөлөрү көрсөтмө беришти.

Айыптоонун күбөсү, эксперт Жекшенбек Аралбаев эксперттик корутундуну жазбаганын, бирок «үстүртөн окуп, кол койгонун» айтты.

Дагы бир эксперт, психиатр М.О. Курманалев 2022-жылы тийиштүү сертификатсыз текшерүү жүргүзгөнүн билдирди. Ал документти үч ай мурун гана алган.

Жыйынтыгында эки эксперт «Клооптун» юристтеринин суроолоруна жооп берип, кийинки угууга керектүү маалыматты даярдап келишерин айтышты.

Эксперттердин баары отурумга келбегендиктен, алар кийинки соттук отурумда суралат. Соттук отурум 9-февралда саат 14:00дө уланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты