Нобелдин экономика боюнча сыйлыгы ыйгарылды

  • 1 месяц мурун

Нобелдин экономика боюнча сыйлыгы АКШ, Франция жана Канададан окумуштуулар Жоэль Мокир, Филипп Агьон жана Питер Ховиттке ыйгарылды. Алар иннновациянын негизинде экономикалык ийгиликтерге жетишүүнүн жолдорун ачып беришкен.

Нобелдин экономика боюнча сыйлыгын аталган окумуштууларга ыйгаруу чечими 13-октябрда Швециянын падышалык академиясы чечим чыгарганын Нобель комитети билдирди. Жоэль Мокир сыйлыктын жарымын технологиялык  прогресстин аркасынан туруктуу өнүгүү жолдорун аныктап бергендиги үчүн, Филипп Агьон менен Питер Ховиттке туруктуу өнүгүү теориясын иштеп чыккандыгы үчүн берилди.  

Нобелдин тынчтык сыйлыгын венесуэлалык оппозициялык саясатчы Мария Корина Мачадо алды.

2025-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгына Жон Кларк, Мишель Деворе жана Жон Мартинис татыктуу болду.

Ал эми медицина боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуулар Мэри Е. Брунков, Фредерик Рамсделл жана япон окумуштуусу Шимон Сакагучиге ыйгарылды.

Нобель комитети химия боюнча Нобель сыйлыгын Сусуму Китагава, Ричард Робсон жана Омар Ягхиге металл органикалык каркас түзүлүшүн иштеп чыккандыгы үчүн ыйгарды.

2025-жылдын адабият боюнча Нобель сыйлыгы 9-октябрда венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты