Султан Раев «Алтын калем» эл аралык сыйлыгынын жеңүүчүсү болду
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси Султан Раев «Топон» романы үчүн «Алтын калем» эл аралык сыйлыгын алды.
«Топон» романы буга чейин италия, венгер, орус, азербайжан, казак жана өзбек тилдеринде басылып чыккан.
Мындан тышкары, «Топон» романы Швецияда өткөн эл аралык адабий конкурста Гран-приге ээ болгон. Жазуучу ошондой эле Генрих Сенкевич атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
Султан Раев — «Чаң жол” , “Күн кармаган бала” аттуу аңгемелер жана повесттер жыйнактарынын, “Жанжаза”, “Топон” романдарынын жана башка чыгармалардын автору.
Сүрөттө: Султан Раев. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




