Нобелдин тынчтык сыйлыгын венэсуэлалык оппозициялык саясатчы Марина Корина Мачадо алды
- 1 месяц мурун
Нобелдин тынчтык сыйлыгын венесуэлалык оппозициялык саясатчы Мария Корина Мачадо алды.
Марина Корина Мачадого Венесуэлада диктатурадан демократияга өтүүдөгү күрөшү үчүн ыйгарылды. Ал Венесуэла парламентинин депутаты болуп, 2012-жылы президенттикке талапкерлигин койгон. 2014-жылы президент Николас Мадуронун өкмөтүнө каршы чыккандарды жетектеген. 2024-жылы Венесуэлада жашап, бирок жашырынып жүрүүгө аргасыз болгон.
BREAKING NEWS
— The Nobel Prize (@NobelPrize) October 10, 2025
The Norwegian Nobel Committee has decided to award the 2025 #NobelPeacePrize to Maria Corina Machado for her tireless work promoting democratic rights for the people of Venezuela and for her struggle to achieve a just and peaceful transition from dictatorship to… pic.twitter.com/Zgth8KNJk9
2025-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгына Жон Кларк, Мишель Деворе жана Жон Мартинис татыктуу болду.
Ал эми медицина боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуулар Мэри Е. Брунков, Фредерик Рамсделл жана япон окумуштуусу Шимон Сакагучиге ыйгарылды.
Нобель комитети химия боюнча Нобель сыйлыгын Сусуму Китагава, Ричард Робсон жана Омар Ягхиге металл органикалык каркас түзүлүшүн иштеп чыккандыгы үчүн ыйгарды.
2025-жылдын адабият боюнча Нобель сыйлыгы 9-октябрда венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды.
Сүрөт: X / Мария Корина Мачадо




