Физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары аныкталды

2025-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгына Жон Кларк, Мишель Деворе жана Жон Мартинис татыктуу болду. Сыйлык алардын “макроспокиялык кванттык-механикалык туннелдөө жана электр чынжырындагы кванттык энергия” боюнча ачылышына ыйгарылды. Алардын илимий ачылыштары менен Нобель комитетинин пресс-релизинен таанышууга болот.

“Кванттык механикага жүз жыл болуп калса да, жаңы табылгаларды берип жатканын көрүү кызык. Кванттык механика абдан пайдалуу, себеби ал санаприп технологиясынын негизи” деди Нобель комитетинин физика боюнча төрагасы Олле Эрикссон.  

Нобель сыйлыгын алган илимий жетишкендик кванттык технологиянын кийинки муунун, анын ичинде кванттык криптография, компьютер жана датчиктерди өнүктүрөрү айтылууда. Илимий ачылыш ээлери кванттык эсептерди академиялык сабактан дүркүрөп өнүгүп жаткан технология жаатына бурду.  

Кванттык туннелдөөдө кванттык бөлүкчөлөр тоскоолдуктардан өтө алат, бул дубалды тешпестен өткөн сыяктуу, тоскоолдуксуз өтүп кеткендей натыйжа берет.

Сүрөт: nobelprize.org

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты