Химия боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылды

  • 2 месяца мурун

Нобель комитети химия боюнча Нобель сыйлыгын Сусуму Китагава, Ричард Робсон жана Омар Ягхиге металл органикалык каркас түзүлүшүн иштеп чыккандыгы үчүн ыйгарды.

Каркас түзүлүштөрүн кристалл менен полимердин  ортосундагы нерсе катары эсептешет. Анын өзгөчөлүгү ички микроскоптук бөлүгүндө башка заттардын молекулалары жайгаша алат. Анын негизинде газдарды сиңирип алчу, дарынын молекулаларын сактап туруучу же айлана-чөйрөдөгү зыяндуу заттарды чыпкалап туруучу материалдарды жасаса болот.

 

2025-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгына Жон Кларк, Мишель Деворе жана Жон Мартинис татыктуу болду. Сыйлык алардын “макроскопиялык кванттык-механикалык туннелдөө жана электр чынжырындагы кванттык энергия” боюнча ачылышына ыйгарылды.

Ал эми медицина боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуулар Мэри Е. Брунков, Фредерик Рамсделл жана япон окумуштуусу Шимон Сакагучиге ыйгарылды.

Сүрөт: Getty Images

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты