Сүйүнбек Касмамбетов, Муратбек Бегалиев… Дагы кимдерге «Эмгек баатыры» ыйгарылды?

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Обончу, ырчы, аткаруучу Рысбай Абдыкадыровго (каза болгондон кийин), композитор Муратбек Бегалиевге, Таластагы Арал орто мектебинин мугалими Бектур Исаковго, БШК мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетовго, Ахунбаев атындагы медицина академиясынын неонатология курсу жана госпиталдык педиатрия кажедрасынын башчысы Дүйшө Кудаяровго ыйгарылды.  

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. 

Сүрөттө: Сүйүнбек Касмамбетов

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты