Адабият боюнча Нобель сыйлыгы венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды
- 2 месяца мурун
2025-жылдын адабият боюнча Нобель сыйлыгы 9-октябрда венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды.
Ласло Краснахоркаи — эпикалык чыгармалардын автору. Анын бир нече чыгармасы, анын ичинде “Шайтандын тангосу”, “Каршылык меланхолиясы” венгриялык режиссер Бела Тарр тарабынан экрандаштырылган.
71 жаштагы Краснахоркаи көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон. 2013-жылы ал котормолору үчүн АКШнын Улуттук китеп сыйлыгын, 2015-жылы эл аралык Букер сыйлыгын жеңип алган.
László Krasznahorkai – awarded the 2025 #NobelPrize in Literature – was born in 1954 in the small town of Gyula in southeast Hungary, near the Romanian border. A similar remote rural area is the scene of Krasznahorkai’s first novel ‘Sátántangó’, published in 1985 (‘Satantango’,… pic.twitter.com/ssEDBfumCX
— The Nobel Prize (@NobelPrize) October 9, 2025
2025-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгына Жон Кларк, Мишель Деворе жана Жон Мартинис татыктуу болду.
Ал эми медицина боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуулар Мэри Е. Брунков, Фредерик Рамсделл жана япон окумуштуусу Шимон Сакагучиге ыйгарылды.
Нобель комитети химия боюнча Нобель сыйлыгын Сусуму Китагава, Ричард Робсон жана Омар Ягхиге металл органикалык каркас түзүлүшүн иштеп чыккандыгы үчүн ыйгарды.
Сүрөттө: Ласло Краснахоркаи. Социалдык тармактан




