Дипломаттар жана авиаторлор мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда, Чолпон-Ата шаарында дипломаттарга жана авиаторлого мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йоркто өткөн шайлоодо Кыргызстан биринчи жолу 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Ага удаа эле 20 жылдык чектөөдөн кийин Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча тизмесинен, башкача айтканда, ЕБ “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылды.

Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына кошкон олуттуу салымы, эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү боюнча натыйжалуу иши үчүн:

III даражадагы «Манас» ордени менен

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев сыйланды

 «Даңк» ордени менен:

Асеин Исаев тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Аида Касымалиева Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү сыйланды

«Ардак» медалы менен:

Мухамед Лоу – Кыргыз Республикасынын Эфиопиядагы элчилигинин кеӊешчиси;

Адылбек Тултемиров Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

Медер Утебаев – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, президенттин атынан бир катар кызматкерлерге алкыш жарыяланды.

Мындан тышкары мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, жарандык авиация чөйрөсүн өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасын Европа бирлигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча маселени чечүүгө кошкон олуттуу салымы жана авиациялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн сыйланат:

III даражадагы «Манас» ордени менен:

Данияр  Бостонов Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору;

Манасбек Самидинов  «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы сыйланды.

«Даңк» ордени менен

Кундуз  Искендербекова президенттин администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүнсекторунун башкы эксперти сыйланды.  

Ошону менен катар президенттин атынан бир катар кызматкерлерге алеыш жарыяланды

Мындан тышкары,бир катар мамлекеттик кызматкерлерге дипломатиялык ранг ыйгарылды.

“Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси” дипломатиялык рангы:

Азамат  Кадыралиевге  — президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары —  башкармалы башчысы;

“Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси” дипломатиялык рангы:

Нурсултан Усубалиевге президенттин жардамчысы.

Даврон Алмазбековго президенттин администрациясынын протоколдук кызматтын жетекчиси;

Жылдыз Кожобековага Тышкы иштер министрлигинин укуктук департаментинин директору;

Жумакадыр уулу Сейтекке – Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору;

Мэлис Мамадалиевге — Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;

Чыңгыз Кустебаевге -Тышкы иштер министрлигинин кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Айдай Өмүркуловага -Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты