Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге “Эмгек баатыры” наамы ыйгарылды

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүн белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар кызмат адамдарына мамлекеттик наамдар  жана сыйлыктар ыйгарылды. «Эмгек Баатыры» артыкчылык наамы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге ыйгарылды.

Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.    

Жарлыкка ылайык, I даражадагы «Манас» ордени менен: Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев сыйланды.  

III даражадагы «Манас» ордени менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов;

«Даңк» ордени менен: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов; президенттин администрациясынын протокол кызматынын жетекчиси Даврон Алмазбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Куралдуу Күчтөрдүн Улуттук гвардиянын кол башчысы Данияр Исаков, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ж.б. сыйланды.

Сүрөттө: Адылбек Касымалиев. gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты