23-сентябрь — мамлекеттик тил күнү. Куттуктоо

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 23-сентябрь — мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды мамлекеттик катчы Марат Иманкулов куттуктады.

-Сиздерди бүгүнкү мамлекеттик тил майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Улутубуздун башкы сыймыгы, ата-бабаларыбыздын улуу табериги – кыргыз тилибиздин мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 36 жыл толду. Бул мезгил аралыгында өлкөбүздүн мамлекеттик башкаруусунда, сот өндүрүшүндө, дегеле коомдук чөйрөнүн бардык тармактарында кыргыз тили колдонулуп келет, -деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында кандай иштер жасалып жаткандыгы тууралуу сөз болду:

-Эгемен мамлекетибиздин эң башкы белгиси болгон кыргыз тилибиздин көөнөлүгүн, көркөмдүгүн, нукуралыгын сактоо жана анын келечегине кам көрүү, андан ары өнүктүрүү – учурдун талабы жана кечиктирилгис милдет болуп эсептелет.

Өткөн жылы өлкө башчыбыз С.Н. Жапаров кабыл алган “Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолу жөнүндө” Жарлыгынын артыкчылыктуу багыттарынын катарына мамлекеттик тилдин киргизилиши – тил саясаты өлкөнүн өнүгүү стратегиясынын өзөгүндө тургандыгынын айкын далили.

-Жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу кыргыз тилин заманбап шартта өнүктүрүү, жаш муундун тилге болгон кызыгуусун арттыруу максатында мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан “Санарип Кыргызстан” концепциясынын алкагында кыргыз тилинде жасалма интеллект өнүмдөрү иштелип чыгып, “АЙТИЛ – акыл ачкычы” порталы ишке киргизилди. Кыргызча тил үйрөнүү платформалары, аудио-видео сабактар жана автоматтык котормо системалары даярдалып, коомчулуктун пайдалануусуна берилди.

Ошондой эле иш кагаздарын бирдейлештирүү жана санариптештирүү багытында мамлекеттик тилде 700дөн ашык үлгү иштелип чыгып, коомчулукка сунушталды. Учурда мамлекеттик органдардагы документтердин 70 пайызы кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө. 

Мамлекеттик кызматчылардын кыргыз тилин билүүсүн Кыргызтест аркылуу аныктоодо эне тилибиздин колдонуу көрсөткүчү жыл өткөн сайын жогорулап баратканы баса белгилөөгө арзыйт. 

Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүгө байланыштуу “Кыргызча оңой/Easy kyrgyz” тиркемесинин тил үйрөнүү платформасы, видеосабактар, бир катар тармактык сөздүктөр иштелип чыгып, алардын жайылтылышы, жаңы энциклопедиялык материалдардын электрондук базага киргизилиши сыяктуу алгылыктуу аракеттер жасалууда,-деп айтылат куттуктоодо.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты