ЖК комитети Сүйүнбек Касмамбетовду БШК мүчөлүгүнө жактырды
- 2 месяца мурун
Сүйүнбек Касмамбетов Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталды.
Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинде президенттин Жогорку Кеңештеги атайын өкүлү Алмазбек Абытов сунуштады.
Сүйүнбек Касмамбетов 2021-жылы октябрь айында Мамлекеттик катчы кызматына дайындалган.
Сүйүнбек Касмамбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик катчы кызматынан 2025-жылы июль айында бошотулду. Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов мурдагы кызматынан бошотулуп, мамлекеттик катчы болуп дайындалды.
Муну бөлүшүү




