«Манас» эпосунун күнү. Мамлекеттик катчынын куттуктоосу
- 3 месяца мурун
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады.
-Байыртадан эле тапканын тең бөлүшкөн кыргыз эли улуу дастанын адамзаттык дөөлөт катары баалап, 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын өткөрдү. Ага улай 2013-жылы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине каттатты.
Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча “Манас” эпосунда 500дөн ашуун жер-суунун аталыштары, миӊдеген адамдардын ысымдары, тамак-аштардын, курал-жарактардын, кийим-кечектердин, абаздык аспаптардын, эң негизгиси нечендеген улуттардын аттары да айтылат. Залкар жана чыгаан жомокчулар “Манасты” 28 түрдүү кыраат менен 3 ай бою тынбай айтып, түгөтө албагандыгы элибиздин эсинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Көрсө, чоң жомокчунун эргүүсү ташкындап келгенде, окуяны уламдан-улам шөкөттөп, башка бир жагдайларды кошуп, кеңейтип кете берет тура. Мына, анын чыныгы баалуулук касиети,-деп айтылат куттуктоодо.
«Канчалык илим, билим, технология эң жогорку бийиктерге жетпесин “Манас” эпосу сыяктуу улуу баяндар адам сезиминен, уйгу-туйгусунан, касиет-касиретинен жана жан дүйнөсүнөн гана жаралат. Бул – акыйкат. Анткени эпостун көлөмүн, ага жараша көркөмдүк, тарыхый, философиялык, ыйыктык сезимдерин белгилүү гана адамдар – манасчылар жарата алат»
-Ошондуктан манасчыларды, манас таануучуларды, улуу эпосту даңазалап жүргөн өнөр адамдарын жана жалпы элибизди “Манас” эпосунун күнү менен куттуктайм,-деди мамлекеттик катчы Койчуев.
Бүгүн, 4-декабрда, Кыргызстанда улуу «Манас» эпосунун күнү белгиленүүдө.
Президент Садыр Жапаров “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга 2024-жылы 11-февралда кол койду.
Мыйзам менен ошондой эле, “Манас” эпосунун үчилтигинин классикалык варианттары болуп манасчылар Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттары саналат деп бекитилген.




