Мамлекеттик катчы Кытайдын улуттар иштери боюнча комитет делегациясы менен жолугушту
- 2 недели мурун
1-июнда Бишкекте мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кытайдын улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чень Жуйфэн жетектеген делегация менен жолугушту.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Тараптар өз ара ишенимди жана достук мамилелерди мындан ары чыңдоонун, ошондой эле этностор аралык саясат, коомдук ынтымак жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




