«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун уулу Ильшат Салимовго айып тагылып, издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК)  тарабынан «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун уулу Ильшат Салимовго сыртынан айып тагылды жана ага издөө жарыяланды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Ильшат Салимов кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2- 3-бөлүгүндө (Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.

Маалыматта айтылгандай, Ильшат Салимов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген. Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Ильшат Салимов издөөгө алынды.

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө И.Салимов криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен өзүнүн өнөктөштөрүн ар кандай бизнес- долбоорлордогу үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратып, андан кийин анын кирешесинен жер тилкелерин сатып алып, үлүштүк катышууга жамынып, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылышкан» деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, И.Салимовдун курулуш компанияларында үлүшү, тактап айтканда, Бишкек шаарында жалпы аянты 3 гектардан ашык кымбат баалуу жер тилкелери бар, ал жерде курулуш компаниялары премиум класстагы көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат.

Ошондой эле курулуп жаткан үйлөрдө жалпы баасы болжол менен 12 миллион АКШ долларын түзгөн 110дон ашык батири (11 миң м2) бар. Белгилей кетсек, Салимовдордун үй-бүлөсү К.Асанбектин камкордугунан активдүү колдонушкан, анын колдоосу менен курулуш жаатында бардык объектилери ишке ашырылган”.

“Ошондой эле, 1995-жылы “Мадина” ЖЧКсы (ээси Т.Салимов) мурдагы №155 бала бакчанын (Чыгыш-5 кичирайону, №18/1, азыркы “Прадо” эс алуу жайы, болжолдуу баасы 5 млн АКШ долларын түзөт) имаратын “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКнан мектепке чейинки билим берүү мекемелерин менчиктештирүү боюнча мыйзамдарды бузуу менен менчикке алган,) ишке ашырылган.

Андан соң Т.Салимов менен И.Салимов мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мыйзамдаштыруу максатын көздөп, курулуш компаниялардын бири менен премиум класстагы көп кабаттуу турак жайды куруу боюнча келишим түзүшкөн.

Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги катары кымбат батирди (баасы 500 миң АКШ доллары) бериши шарт болгон. Андан кийин, мурдагы бала бакчанын аймагына турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок, И.Салимов берилген батирди кайтарып берүүдөн баш тартып, К.Асанбек менен биргеликте ишкерлерге кысым көрсөтүү жолу менен башка адамдардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Кийинчерээк бул батирди Качы Көлбаев Чолпон-Ата шаарында Совет көчөсү, №36 дарегинде жайгашкан мурдагы “Зодиак” казиносунун ордуна соода борборун куруу максатында жер тилкеге ​​алмаштырып алган.

Мындан тышкары, уюштуруучулардын бири И.Салимов болгон “Т.S. Group” ЖЧКсы “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКдан болжолдуу баасы 11,5 млн АКШ долларына жакын жалпы аянты 4,5 га кампа жайларын мыйзамсыз чыгарып алган.

Бул фактылар менен катар К.Асанбектин жана анын кылмыштуу тобунун мыйзамсыз иштерине Салимовдордун үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган. Тактап айтканда, И.Салимовдун Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда К.Асанбектин коттеджинин жанында жайгашкан 600 миң долларлык коттеджи бар, ошондой эле курулуп жаткан “Каганат Резорт” эс алуу борборунда 700 миң АКШ долларлык дагы бир коттеджи бар.

Мындан тышкары, анын шаардын борборунда жалпы баасы 700 миң АКШ долларын түзгөн бир нече кымбат батирлери бар. Ошондой эле И.Салимов жүк ташуу, коомдук тамактануу, курулуш ж.б. боюнча адистешкен бир нече ЖЧКнын ээси болуп саналат» деген маалымат келтирилди.

Ильшат Салимовго издөө жарыяланып, Салимовдордун үй-бүлөсүнөн кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүлүп жаткандыгы айтылды.

"Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимовдун уулу Ильшат Салимовго айып тагылып, издөө жарыяланды

Бир ай мурда Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов кармалган. Турсунтай Салимов 261-беренеси “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” деген берене боюнча шектелгени айтылган.  

Турсунтай Салимов Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) ишине байланыштуу кармалган 20 адамдын бири экенин 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 4-октябрда кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Салимов узак убакыттан бери криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болгон жана алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн.

9-октябрда Салимовго “Уюшкан топко катышуу” деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарды.

Сот процесси жүрүп жаткан маалда Салимовдун кан басымы көтөрүлүп, аны “Тез жардам” алып кеткен.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жж.) депутаты болгон.

Бишкектеги “Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты