Ишкер Салимов эки айга камакка алынды. Аны «Тез жардам» алып кетти

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты,   «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга, 9-декабрга чейин камакка алынды.  

Сот чечими чыгып жатканда 9-декабрда кечинде Турсунтай Салимовдун саламаттыгы начарлап, “Тез жардам” машинасы ооруканага алып кеткен видеотасма ЖМКда жарыяланды. Анда саламаттыгы начарлаган ишкерди сот залынан дарыгерлер алып кеткенин көрүүгө болот.

“Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов 7-октябрда кечинде кармалган. . Ишкер 261-берене, “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” деген берене боюнча шектелгени айтылган. 

Салимовдун өкүлү анын криминалдык чөйрө менен эч кандай байланышы жоктугун билдирди.

Турсунтай Салимов 1993-2010-жылдары “Мадина” жоопкерчилигин чектелген коомунун директору болгон. 2010-жылы СДПК фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Бюджет жана каржы парламенттик комитетинин мүчөсү болгон.   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчы Көлбаев жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 40тан ашык активдүү мүчөсү жана лидерлери кармалганын билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты